www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Отпискалар» менен кутулбай, көйгөйдү жерине барып көрүп, оң жагына чечкиле! Мындай пикирди Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Айнура Осмонова айтты.
--«Жалал-Абад шаарындагы «Курорт» санаториясынын тегерегиндеги 731 үй-бүлөнүн көйгөйүн көптөн бери көтөрүп келе жатам. Өкмөт алмашкан сайын унутулуп калып атабы, же чечкилери келбей атабы, түшүнүксүз. Өкмөт жергиликтүү бийликке түртүп коюп, менин кайрылууларыма дежурный «отпискалар» менен кутулуп жатасыңар. Мен комиссия түзүп, жеринен барып көрүшүн талап кылам. Ал жерде 24 үй көчкү коркунучунда турат. Калгандары үйлөрүн эмнеге сатышы керек? Ал жерде алар көп жылдардан бери жашап келе жатышат. Алар өздөрүнүн үйлөрүнө мамлекеттик акт, кызыл китеп ала албай келишүүдө. Ошондон улам пенсия, жөлөкпул ж.б. мамлекеттин кызматтарын ала албай жатышат. Жергиликтүү эл кыйналып кетти. Бул маселени биринчи жолу көтөрүп жаткан жерим жок, кайра кайра көтөрүп келем. Мамлекеттик тийешелүү органдар ошол жерге барып, абал менен таанышып, үйлөрдүн документтерин көрүп келсин. Мен ошону өкмөттөн талап кылам», - деп кайрылды Осмонова өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө.
Булак: NazarNews.kg