www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү кайрадан коронавирустун кучагында калуу коркунучу коңгуроо катары кагылууда. Элибиз кыйналганы турат. Эрксизден Райымбек Матраимов эске түшүүдө. Былтыр март айында вирустун белгилери табылып, көп өтпөй аймактарыбыз карантинге алынган. Бир эсе Сооронбай Жээнбеков жаздагы митингден коркуп кетип, өзгөчө абал да киргизип жиберген эле.
Ошол күндөн тарта Райымбек мырза Кыргызстандын бардык аймактарына гуманитардык жардамдарды тараттырып, кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө кол сунган. Андан сырткары беткап, ПЦР тесттерди, жасалма дем алдыруучу аппараттарды, айтор, кандай муктаждык жаралса, бардык медициналык каражаттарды камсыздоого киришкени эсибизде. Жаз айларындагы кыйынчылык башталган убакта каарманбыз элибиздин жүгүн көтөргөн.

Коронавирустун экинчи толкуну катары июнь айынын аягында апаат кескин түрдө курчуп, мекендештерибиз ооруканаларга батпай, сыртга кулай башташкан. Мындай шартта Райымбек Матраимов тездик менен кошумча ооруканаларды Бишкек, Ош шаарларында ачтырып, чоң команда менен ишке киришип, элибизге аркабел болгонун кантип унутабыз? Дээрлик жетишсиз болуп аткан дары-дармек, медициналык аппараттарды алдырып, эки айдан ашык убакыт миңдеген адамдарга жардам көрсөткөн. Ден-соолук коопсуздугун алдын алуу менен массалык түрдө элибиздин кырылуусуна каршы турган да. Кайгылуу ирмемдер көз алдыбызга күнү бүгүнкүдөй тартышат...

Эгерде ал башка байлардай сараңданып, бекинип жата бергенде, балким Сокенин бийлиги пандемия учурунда эле кубаланып кетмек. Ооруган, жумушсуздуктун айынан кыйналган көпчүлүк көчөгө чыгып кетишери шексиз эле. Турукгуулуктун сакталышына, оор сыноону жеңүүгө каарманыбыз салым кошкон да.

Натыйжада, кайрадан былтыркы вирус коркунучу жайылуу алдында турат. (Учурда коңшу Казакстанда бул жагынан абал оорлошууда.) Бийлик болсо элдин керегине жараган Райымбек Матраимовду ички-тышкы бузукулардын жалаасы менен түрмөгө камап, колу-бутун тушап салды. Эми COVID апаатынан элибизди ким сактайт? Ансыз да жакырчылык, кымбатчылыктын арааны жүрө баштаганда, «бечелге жөтөлдүн кереги жок» дегенге болбой, кайрадан пандемия сазына тыгылсак, каржалып турган калктын шору шорподой кайнап, четинен кырыла баштаса кантебиз?

Кандай күндө да Райымбек Матраимовду түрмөдөн чыгаруу керек. Ак көңүл, март уулубуз балким кризис-менеджерлик таланты менен караңгыдан жол табууга жарайт беле? Ансыз да коркутуп-үркүтүп атып, «рекетчилик» таризде 2 миллиард сомун, үй-мүлкүнөн бери мамлекетке төктүрүштү. Бирок, куту бар адамдын ырыскысы түгөнбөгөн сыңарындай, ага башка жагынан Кудай береттир...

Булак: Азия News гезити

Последние новости