www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки чөнтөгүнө эки академияны салып алган Топчуке Тургуналиев пайгамбар жашына келгени менен илгерки түшүнбөстүктөрү дагы эле кала бериптир. Анын айтымында, «советтик бийлик, Компартия Борбор Азиядагы республикалардын чек араларын аныктоодо баарын чакчелекей кылып, кийин жарыла турган «бомбаларды» көмүп салган экен» деп сакалдуу башы менен апыртып, күнөөнүн баарын совет бийлиги менен Компартияга жүктөдү. Андан ары көргөн-билгенин айтып отуруп, В.В.Путинге асылып, «анын айтканынан ташбалакет да болбоду, ал убадасын аткарган жок» деп аны да күнөөлөдү. Аксакал адам оюна эмне келсе ошону оттоп, дөөрүй берсе боло береби? Бир туруп, «Москвага жалдыраган тажиктер Кремлдин тилин табышып, Кыргызстандын керемет жерлерин ээлеп, анклавдарды көбөйтүп алышкан экен» десе, кайра өзүнө-өзү каршы чыгып, «баса, «Ворух Тажикстанга берилсин деген чечим жок» деп мага 2010-жылы өкмөттөн билдиришкен» дейт.

Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы Москва, Кремль, Кыргызстандын мыйзамдары эмес, жаратылыштын да мыйзамдарына туура келбейт. Эң жөнөкөй мисал келтирсек, адамдын денесинде зыяндуу шишик (рак) пайда болгондо операция жолу менен алынып ташталат. Ал эми зыяндуу «шишикти» кыргыз-тажик чек арасындагыдай коррупциялык жана контрабандалык жолдор менен азыктандырып туруу өлкөбүзгө, өзүбүзгө зыян экенин ар бир адам түшүнүшү керек. Түшүнгүсү келбегендер үчүн андай жолдорду биротоло жаап таштоо керек. Дагы бир мисал келтирсек, кой короонун ортосуна карышкыр келип жайгашып алса, айдап чыгайын десе азуусун көрсөтүп ырылдап турса, «алып кет кашабаңды» деп Кудайга жалынабызбы? Кудай-пудайынды урганы жок карышкыр бөлтүрүктөрүн көбөйтүп, койлорду четинен кырып коюп жата берери турган иш.

Ошондуктан, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев В.Путин, Н.Назарбаев, И.Мирзиёев менен бирдикте анклавдарды алмаштыруу-көчүрүү үчүн саясий чечим кабыл алуулары керек. Ансыз учкундан жалын тутанып, Борбор Азияны каптаган өрткө айланганда кеч болуп калары түшүнүктүү.

30 жылдан бери саясий-экономикалык жана идеологиялык согушун жүргүзүп келе жаткан АКШ баш болгон капиталисттер отко май куйгандын үстүндө болушат. Бул жерде Вашингтон жана ЕБ «демократия аралчасы» болгон Кыргызстан тарапта болушу мүмкүн деген божомол таптакыр туура эмес.

Тескерисинче, АКШга демократия керек эмес, аларга Борбор Азиядагы башаламандыктар керек. Алар мурдатан эле Афганистан, Сириядан калган курал-жарактарын Тажикстанга берип, ИГИЛдин калдыктарын Афганистан менен Тажикстандын чек арасына жайгаштырып койгон, Азыр болсо жаңы президентинин келиши менен абал тескери жагына ооду. Самолёттун тепкичинен чыга албай үч жолу көмкөрөсүнөн кулап түшкөн президенти баш болуп АКШ мурдагы күчүн жоготту. Украина, Белоруссия, Арменияда чуу жараткан капиталисттер Борбор Азия аркылуу Россия менен Кытайга таасир этүүнү каалашат, бирок колунан келбей калды. Анткени, биринчи-экинчи орунда турган Россия менен Кытай күчтүү держава болушуп, Белоруссия, Казакстан, Өзбекстан өнүккөн өлкөлөргө айланышты.

Бүгүнкү күндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин сунушун аткаргысы келбеген тажик тарап тежиктене берсе блокадага кабылып, ачкасынан кырылып калышы мүмкүн. Тажикстандагы диктатуралык режим, ич ара тил табыша албаган он жылдык жарандык согушу, коррупциялык жана мафиялык системасы, көп сандаган криминалдын түрлөрү болуп Ворух анклавы аркылуу күндөн-күнгө көбөйүп баратканы өтө эле чектен чыккандык. Мындай жапайычылыкка 30 жылдан бери чыдап келишкен кыргыз элине рахматын айтып, анклав кылып ээлеп алган кыргыз жерин бошотуп бериши керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости