www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Айнура Жээнбекова өзүнүн баракчасы аркылуу төмөндөгү пикирин билдирди:

"Жеңишиңер менен куттуктайм «Бүтүн Кыргызстандын» тарапкерлери! Мадумаровду 15жылдан бери шайлап, депутат кылам деген адамдар бар экен! Ниетиниздерге жетиниздер!
Бирок, тепкилесеңер да айтам! Себеби эң тартиби жок тарапкерлер сизсиздер! Кандай пост болбосун, фейк-сейктериңер менен жетип келип, эң балит сөздөр менен (аны же,муну же .отун куюп атабы деген сыяктуу) комментарийлерди жазасыздар. Кары-жашына карабайсыңар. Даже өзүңөр аксакал адам болсоңор да, уят сөздөр менен ал кишинин таламын талашып келесиздер!

Башка адамдардын да оюн, сөзүн сыйлаганды үйрөнүңүздөр! Канча адам ал кишини колдобосо да, сиздер менен бир болуп , сиздерге күйүп-бышып, чын жүрөктөрүнөн сиздерге кошулуп сүйүнүштү.

Анан Орозайым Нарматованын сүйлөгөнү сиздер үчүн туура! Баарыбыз ийгилик каалап кетебиз! Бирок миллион мигранттардын, Америкадагы, Европадагы мигранттардын атынан келдим деп сүйлөбөй эле койсун, суранабыз!!!Биз аны жөнөткөн, андан суранган жокпуз да!
Биздин өзүбүздүн башыбыз бар, моюнубуз менен көтөрүп жүргөн! Өзүбүздүн амбициябыз бар! Биз ал кишинин фанаты боло элекпиз! Дагы бир жолу куттуктайм сиздерди!"- деген ал өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости