www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү ырчы Айпери Кубик кызы мындан ары дин жолуна түшкөнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Ассаляму алейкум туугандар! Буга чейинки постто жазылган ар бириңиздин колдоо сөзүңүзгө ыраазычылык билдирем. Аллах ыраазы болсун! Кабыл кылсын! Ал эми кирпик болбойт, боёнсо болбойт, даарат өтпөйт жана башка деген сөздөргө жооп: Рахмаат… Кабарым бар. Болгону ал сүрөткө түшүү үчүн жасалган макияж. Даарат алганда дароо өчөт. Хайп үчүн, реклама үчүн дегендерге: Кечиресиздер, туура эмес жазып алдыңыздар. Аллах ыраазычылыгы үчүн ооба жоолук салындым, шүгүр…
Жөн эле мода үчүн дегендер! Кана эле жоолук, намаз мода болсо, анда түбөлүккө (Аллах ыраазычылыгы үчүн) “модный” болуп кетсек баарыбыз.
Бардык катталуучуларымды бир туугандарым деп жакшы көрөм… Жүрөгүңүздөр толгон ыйман,тилиңиздер асал болсун! Ылайым эле жакшы гана сөздөр чыгып калсын! Ааминь!
Анан да акыл үйрөтүп жазгандар-башында жоолугу жок, чачтары кыска, ачык кийинген,тырмагында лагы бар,төштөрү көрүнгөн айымдар, жашы чоң эжелер экен! Ошончо акыл сиздерге өзүңүздөргө да кызмат кылсын дегим келет…”,-деп ырчы билдирүү жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg