www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңди.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 5-октябрда, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта болгариялык Мария Гергинова Оряшкова менен беттешип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады. Алдыда ал чейрек финалда орусиялык Марина Суровцева менен күрөшөт.

Күрөштүн бул түрүнөн 62 килограмм салмакта кечээ, 4-октябрда, Айсулуу Тыныбекова финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда, алтын байге үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эртең, 6-октябрда, дагы бир кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта килемге чыгат.

2-октябрда Норвегиянын Осло шаарында башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 кг.) коло байге алса, 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда, польшалык Магомедмурад Гаджиев менен алтын байге үчүн күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости