www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саакашвили өзүн “Путиндин туткуну” деп атады

Көптөн бери эмиграцияда жүрүп, мекенине кайтканда кармалып, Рустави шаарындагы абакка камалган Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили талаптары аткарылмайынча, ачкачылыкты токтотпой турганын билдирди.

Саакашвилинин грузин тилиндеги каты Фейсбук баракчасына украин, англис жана орус тилдериндеги котормосу менен кошо жарыяланды. “Мен жана менин адамдарым бошотулмайынча, ачкачылык кармоону токтотпойм”, – деп жазылат анын катында. Ошондой эле, ал эс-учун жоготкон учурда дагы медициналык жардам алуудан баш тарта турганын белгилеген.

Михаил Саакашвилинин айтымында, ал эркиндик жана демократияны калыбына келтирүү максаты менен тарапташтарын активдүү аракеттерге багыттап, "ойготуу” үчүн ушундай катаал чараларга барган.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жазган катында ал иш жүзүндө “Путиндин жеке туткуну” экенин белгилеп, украин президентинин аны боштондукка чыгарууга жасаган аракеттерин жогору баалаган. Президент Зеленский Саакишвилинин камалышына тынчсызданып, аны кайтаруу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн айткан.

Саакашвили Грузияда президент болуп турган кезинде бир нече ишке байланыштуу "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, сыртынан тогуз жылга кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости