www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болду

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда коло медалга ээ болду. Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, мелдеш ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн таймашта орусиялык Екатерина Букина менен күрөшүп, 11:8 эсебинде жеңишке жетти.

Айпери Медет кызы бул мелдеште жалпысынан үч беттешке чыкты. Алгач чейрек финалда болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде уткан. Жарым финалда германиялык Аллин Роттер Фокенге жеңилген эле. Ушуну менен Белградда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын эсебине үчүнчү байге жазылды. Буга чейин 62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова жана 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болушкан.

12-декабрда башталган күрөш боюнча Дүйнө кубогу 18-декабрда аяктайт. Алгач грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медал тагынса, Руслан Царев (72 кг) менен Калы Сулаймановго (63 кг) коло медал буюрду. Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштарда байге ээлери аныкталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости