www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл, 2021-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин жана канайым Айгүл Асанбаеванын демилгеси менен «Мектеп — менин жашыл үйүм» акциясы башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата программасын тааныштыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган акция мектепти оңдоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жалпысынан айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталат.

«Акциянын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат. Аймактардан жеңүүчү болгон мектеп окуучулары чет өлкөлөргө экскурсияга жөнөтүлөт. Алгачкы 3 орунга чет өлкөгө саякаттоо каралууда», — деди министр.

Бейшеналиев донорлорду, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчиликтерин акцияга кошулууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости