www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда бир дагы дары-дармек чыкпайт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы олуттуу көйгөй бойдон калууда. Былтыр пандемия учурунда гепарин, клексан өңдүү дарыларды аймактарда гана эмес, Бишкекте табуу кыйын болуп жатты. Мындан улам өкмөт башчысы жалпы өлкө боюнча медикаменттердин корун даярдоону тапшырган. Ал эми Кыргызстанда дарылардын кымбатташы доллларга байланыштуу. Себеби дүйнөдө доллар кымбаттады. Баардык сатып ала турган нерселер доллар менен алынып келинет. Мунун баары дүйнөлүк экономикага байланыштуу. Ошондуктан Кыргызстанда биринчи эле  дары-дармектер кымбаттады. Андан кийин башка азык-түлүктөр жана күйүүчү майлар кымбаттап кетти. Бул дүйнөлүк тенденция. Бир жагынан алганда айрым компаниялар дарылардын баасы азыркы апаат пайда болгондо аябай көтөрүп салышты. Укук коргоо органдары эгер аныктаган болсо катуу чара көрүшү зарыл. Себеп дегенде дүйнө жүзүн коронавирус каптап турганда элдин башына ого бетээр жүк кылгандары туура эмес. Ошону менен катар Кыргызстанда бир дагы дары-дармек чыкпайт. Бир эле завод бар сырьё алып келип жазашат. Бирок ал сырьёну доллар менен алып келишкендиктен кымбат болуп жатат. Ошондуктан бизде дарылардын баасы көтөрүлдү. Андыктан тиешелүү кызматтар дарыга коюлган бааны дыкаат көзөмөлгө алууга тийиш”, - дейт экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости