www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус болот.

14-июлда Бишкек шаарында жамгыр күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости