www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын сырдуу өлүмдөрдү иликтеген атайын өкүлү Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаевдин каза болушуна маңзатка көз карандуулук себеп болгон деген бүтүмгө келди. 

Иликтөөнүн жыйынтыгы 24-мартта жарыяланды. Бул мурунку президенттин небересинин өлүмүнүн айланасындагы ар түрдүү шектенүүлөргө чекит коёт деп айтылат.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев 2020-жылы 12-августта Лондондогу паркта эс-учун жоготкон абалда табылган. Кийинчерээк анын кайтыш болгону жарыяланган.

Ал соңку мезгилде өзүнүн жакын туугандарына ар кандай дооматтарды тагып, Казакстандын бийлигин сындап келген.

Айсултан Назарбаев Казакстандын сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Атасы Рахат Алиев 2015-жылы австриялык түрмөдө каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости