www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас ааламы» атласын басып чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясына барып, мекеменин президенти Топчубек Тургуналиев менен жолугушуу учурунда сөз болду.

ТИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, «Манас» эпосуна тийиштүү болгон материалдык жана маданий мурастардын объектилерин тандап алуу иштери башталганы турат.

«Бул максатта Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө академиянын мүчөлөрүнө экспедициялар уюштурулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, министр Казакбаев балдар үчүн Манас жөнүндө адаптациялык китеп чыгаруу, дүйнө эли кыргыз элинин бай фольклордук жана рухий, адеп-ахлактык мурастары жөнүндө көп билүүсү үчүн аларды чет тилдерге которуу зарыл экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости