www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 6-кабаттан 2 жаштагы кыз кулап кетти

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 2 жашар кыз кулап кетти. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25 март күнү саат 18:04 чамасында №3 шаардык балдар ооруканасынан 102 кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда 2 жашар кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулап кеткен.

Кырсык Бишкектин Чүй кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин кызматкерлери барып, кыз 2019-жылы туулганын аныкташкан. Наристе жандандыруу бөлүмүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости