www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо уткан балбан Айсулуу Тыныбекова турмушка чыгарын Инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүмүнө жазып чыкты.

Ал Инстаграм баракчасына: “Олимпиада оюндары жылып кеткендигине байланыштуу 2020-жылы турмушка чыгам. Ал балбан эмес. Баары мени колдойт деп ойлойм. COVID-19га байланыштуу үлпөт той болбойт”, - деп жазган.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет (2016, 2017 жана 2019-жылдары) Азия чемпиону болгон. Былтыр Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болуп, 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. 2018-жылы өткөн Жайкы Азия оюндарынын чемпиону жана Кыргызстандагы эң көп стипендия алган спортчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости