www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-сентябрда Казакстанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргыз тарыхында алгач ирет дүйнө чемпиондугун утуп алган кызыбыз Айсулуу Тыныбековага соцтармактар аркылуу миңдеген алкыштар айтылууда. Алардын арасында өз үй-бүлөсүнүн атынан жана ал ээлик кылган компаниянын атынан ага батир белек тартуулаган кыргыз жигити да чыкты.

“Саламатсызбы, Айсулуу! Сиздин утушуңузга кубанып, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай, өзүбүз уткандай болуп үй-бүлөм менен толкунданып олтурабыз.

Сиз 10 жылдан бери кыялданган максатыңызга жеттиңиз. Кыргызстандын эли сиз менен сыймыктанып, сиз үчүн дубасын берип, утушуңузду аябай күттү. Элдин үмүтүн актадыңыз деп ойлойм!.. Үй-бүлөмдүн атынан жана биздин курулуш компаниянын атынан сизге жаңы салынып жаткан «СУЛАЙМАН ТОО» аттуу турак жайынан бир бөлмөлүүү батир белекке берели деп чечтик. Ар дайым Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздү каалайбыз! Биздин куттуктообузду жана белегибизди кабыл алып коюнуз! Сиз Курманжан Датка, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эң мыкты айымдардын катарына кирип, өчпөс из калтырдыңыз! Женишиңиз кут болсун!”- деп жазды Алмаз Тиленов аттуу кыргыз патриоту фейсбуктагы баракчасына.

Намыска жараган Айсулуудай жана Айсулууга окшоп кыргызды дүйнөгө даңктап турчу уул-кыздарыбызды сүрөп-колдоп турган Алмаздай жигиттерибиз көп болсун, ылайым!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости