www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сот адилеттигинин сапатын  башкаруу: глобалдык тенддер жана тажрыйба» аттуу эки күнгө созулган эл аралык форум Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөрүлдү. Ага Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева жана Сот департаментинин директору Кубанычбек Капаловдор катышып келишкендигин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.  Анда айтылгандай, 17-18-сентябрында өткөн иш чарага жалпысынан 900гө жакын киши катышкан. Анын ичинде, Эл аралык судьялар ассоциациясы менен Эл аралык сот башкаруу ассоциациясынын өкүлдөрү дагы бар. Алар сот адилеттигинин учурдагы жана келечек багыттарын талкуулашкан.  Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайым Гүлбара Калиева Грузия, Өзбекстан, жана  Тажикстандан келген кесиптештери менен сот системасын реформалоодогу жаңы ыкмалар тууралуу пикир алышкан. Тагыраагы, адилеттүү жана калыс сотторго болгон коомдун суроо-талабынын алкагында көз карандысыздык менен  жоопкерчиликтин ортосунда тең саалмактуулукту камсыздоо боюнча  тажрыйбаларын бөлүшүшкөн.   Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости