www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала Бука районунун 1-Май айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин ачыктыгын камсыздоого багытталган иш-чаралар уланууда.

Атап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын, ишканалардын, жалпы эле карапайым калктын катышуусунда жер-жерлерде атайын адистердин катышуусунда бюджеттик угуулар, мектептерде окуучулар үчүн иш-чаралар өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн "Кабарнаама" бюллетенинин атайын чыгарылышы элге жеткирилүүдө.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаевдин айтымында, ушул жылдын 23 - сентябрь күнү айыл тургундары топтолуп, коомдук угуу өткөрүлөт.

Айта кетчү нерсе, 1-Май айыл аймагында жергиликтүү бюджет боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, акыркы заманбап технологиялык каражаттарды колдонуу менен элге маалыматтарды жеткирүү жана элдин пикирин угуу жолго жакшы коюлган.

Бул аракеттер, албетте, өз жыйынтыгын берет.

Аталган айыл аймагында 3039 кожолук, т.а. анда 14 миңден ашуун эл жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости