www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Август айынын соңунда Сокулук районунун Селекционное айылынын тургуну укук коргоо кызматкерлерине үйүнө ууру кирип, буюм-тайымдары жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ушул айдын орто ченинде уурулукка шектелген жарандар кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда толгон-токой уурдалган буюм-тайымдар табылган. Алардын арасында сканер, чаң соргуч, компьютердик жабдыктар, шуба, дубленка ж.б. буюмдар табылган.

Мындан улам, Чүй облустук ИИББи кылмышкерлердин үйүнөн табылган буюмдардын тарых-таржымалын аныктап, жабырлануучуларды табуу максатында  жарандарга кайрылууда. Эгерде кимде ким бул буюмдардан өзүлөрүнө таандык нерселерди тааныса анда Сокулук РИИБине төмөндөгү номурлар аркылуу байланышса болот: 0312 607567, 03134 5 33 80, 0700 113176

Булак: NazarNews.kg

Последние новости