www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бензиндин 10 сомго, ал эми дизелдик майдын 4, 8 сомго чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында билдирди.

Бүгүн ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Кыргызстандагы мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү майлардын баалары туурасында абал талкууланган.

Анда Кадырбаев мунай заттарынын баасы Кыргызстанда бир топ кымбатташы күтүлүп жаткандыгын айткан.

--"Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айында Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордо бир тонна бензин 100-150 долларга көтөрүлдү. Ошондо баа 7ден 10 сомго көтөрүлүшү мүмкүн, ал эми дизелдин бир тоннасы Россиядагы нефть иштетүүчү заводдордо 40-60 долларга чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул учурда баа 3 сомдон 4, 8 сомго чейин өсөрүн билдирет", — деди Кадырбаев.

Ал КРдин күйүүчү май рыногунда 20дан ашык компания иш алып барып жатканын, өлкөдө күйүүчү майлардын жалпы керектөөсү 1 млн. 200 миң тоннаны түзөрүн билдирди. Анын айтымында, мунун 80 пайызы импорттолуп келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости