www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өлкөнүн бир дагы театрында спектаклдерди үзгүлтүккө учураткан учурлар мындан ары кайталанбашы керектигин айтты. Бул тууралуу ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жетекчилиги, артисттери менен жолугушууда билдирди.

Анда 6-мартта орун алган окуя тууралуу сүйлөшүүлөр болуп, театрдын айрым артисттеринин спектакль коюудан баш тартуу себептери талкууланды.

"Спектакль үзгүлтүккө учураган. Бул окуяда эң кейиштүүсү жөнөкөй көрүүчү жапа чекти. Залдын ичи элге толуп, эстетикалык рахат алууну каалашкан. Артисттердин дагы, жетекчиликтин дагы өз чындыгы бар. Бирок мындай көрүнүш мындан ары болбошу керек. Бул өңдүү маселелерди кийинкиге, көз жаздымда калтырбай чечүү зарыл", - деди Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр өкмөт маданият жаатында жаңы ыкмаларды киргизээрин баса белгиледи.

Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жеке менчик уюмдар менен биргеликте өткөрүлгөн спектаклдерге катышкандыгы үчүн театр артисттеринин эмгек акысын жөнгө салуу маселелерин мыйзам деңгээлинде иштеп чыгууну тапшырды.

Артём Новиков театрдын мурда сунушталган репертуарын калыбына келтирүүнү эске алуу менен ар кандай жана кызыктуу спектаклдердин программасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жогоруда аталган театрда 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости