www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов Садыр Жапаров эмнеге менен жолукту?

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов Президент Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.

Ал өлкө башчы менен бир катар маселелерди талкуулаганын белгиледи.

Мен өзүм үчүн эч кандай кызмат сураган жокмун жана сурайын деген деле ниетим жок. Мен анын бардыгын башыман өткөргөм. Мен үчүн эң башкысы - саясий туруктуулук жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн ыкчам, натыйжалуу чечимдерди табуу.

Мен өлкөнүн экс-министри иштеп чыккан, мультипликативдик эффектке ээ болгон, калктын реалдуу акчалай кирешелерин жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган өтө кызыктуу социалдык долбоорго өлкө жетекчилигинен колдоо табуу үчүн жолуктум. Ага кошумча экс-вице-премьер-министр Б.Мамбетовдун тоо-кен жана энергетика жаатындагы жана башка тармактардагы конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштарын карап чыгып, ошондой эле айрым инвестициялык сунуштарды эске алуусун сурандым», - деп билдирди ал.

Кулов баарлашуу учурунда саясаттагы маселелерди, анын ичинде Конституциялык реформага карата сын айтканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости