www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда Чыңгыз Айтматовго арналган "Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов" аттуу илимий изилдөө китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, китеп эки бөлүктөн туруп, 23 мамлекеттин окумуштууларынын 98 макаласы киргизилген. Китеп түркиялык продюсер, режиссёр жана жазуучу Өмер Эрдогандын редакторлугу алдында КАФ басма үйү жана "Чыгыш менен батыштын ортосундагы Анатолья маданий долбоорунун" алкагында жарык көргөн.

Маалыматта жыйнактын баш сөзүн эки мамлекеттин президенттери — Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган жазгандыгы айтылган.

"Демилге Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына Кыргызстанга жасаган иш сапарында башталган Айтматов тууралуу макалалар жыйнагы эки жыл ичинде даярдалды", — деген Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана маалымат боюнча кеңешчиси Нури Шимшеклер.

Ал эми аталган китептин бет ачары Бишкек шаарындагы Улуттук илимдер академиясында өткөн.

Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев китептеги макалалардын авторлорунун көбү кыргызстандык окумуштуулар экендигин жана кийинки этапта дүйнөнүн башка тилдерине которуларын билдирген.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости