www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1. Ал КМШдагы белгилуу «ВКонтаткенин» негиздөөчүсү – Павел Дуров менен бир жылда -1984-жылы туулган.

2. Марктын биринчи компьютери Windows 3.1 дин башкаруусунда иштеген intel 486нын базасындагы - Quantex486DX. Атасы компьютерди, Марк 9 жашта экенинде белек кылган.

3. Алгачкы жазылган программаларынын бири – ZuckNet – локалдык тармакта кат жазышууга кызмат кылган. Марк ал кезде 11 жашта эле.

4. AOL жана Microsoftто иштегенден баш тарткан, анын ордуна Гарварддын колледжине өтөт. 2004-жылы психологияны жана компьютердик илимдерди окуган колледжди таштап, Пало-Альтого “thefacebook” долбоору менен иштөөгө көчүп кетет. Натыйжада, окуп бүтпөгөнүнө өкүнгөндүгүн айткан.

5. Биринчи социалдык долбоору – Facemash, жаккан сүрөттөрдү салыштыруу жана  тандоону сунуштаган, студенттер үчүн бир тармак сыяктуу бир нерсе болчу.

6. Эски дос кызы Присцилла Чанга үйлөнгөн. Үйлөнүү үлпүтү Facebookтун IPOго (Initial Public Offering - үлүштөрдү биринчи коомдук сатуу) чыккандан кийин, 1 күндөн кийин болгон, анда тармак 104 млрд $ га бааланган.

7. Цукербергдин жубайынын Facebookта 600 000 ден ашуун жолдоочулары бар.

8. Өзүнүн ырастаганы боюнча,Марк көп окуйт, бирок ошого карабай, андан дайыма жакшы көргөн китебин сурашканда, бул суроого анын даяр жообу жок.

9. Жакшы көргөн кийими – толстовка. Дээрлик Стив Джобстун белгилуу кара водолазкасы сыяктуу эле легендарлуу.

10. Бирок 2009-жылы жыл бою галстук тагынып жүргөн: «2008-жылы кризис башталган соң, мен Facebookтагылардын баардыгына, бул жыл - биз үчүн олуттуу жыл экенин ачык түшүндүргүм келди» деген.

11. Facebookту жумушу катары эмес, өзүнүн элге байланышта болуу үчүн жардам берүү миссиясы катары эсептейт.

12. Цукерберг – дальтоник, ошондуктан социалдык тармактын негизги өңү – көк, жана жалпы жонунан көк - анын жакшы көргөн өңү.

13. Facebookта анын 28 млндой жазылуучулары бар.Өздүк профили 2004-жылы 11-февралда түзүлгөн.

14. Анын капиталын 25,3 млрд $ га баалашат. Forbesтин аныктамасы боюнча,Цукерберг дүйнөдөгү эң бай 10 IT-бизнесмендердин ичинен 6-орунду ээлейт.

15. 2013-жылга 1 $  айлык алган.

16. Appleдагы Стив Джобс жана Googleдагы Эрик Шмидт менен бирге  2011-жылы февралда, экс президент Барак Обама менен чоогу тамактанган.

17. Россияга болгон сапарында Дмитрий Медведев менен жолугуп, ага анын Facebookтагы баракчасынын дареги жазылган футболка белек кылган.

18. Facebook жана Цукерберг жөнүндөгү «Социалдык тармак» киносу 2011-жылы 3 «Оскар» алган жана ал 40млн $ менен тартылып, прокатта 215 млн$ чогулткан. Марк өзү фильм жөнүндө: «Чыныгы тарыхы – жетишээрлик кызыксыз. Биз компьютер алдында 6 жыл отуруп кодторду жазганбыз», деп айтат.

19. 2013- жылы, жылдын мыкты башкы директору (CEO-Chief Executive Officer) деп табылган.

20. 2010-жылы жылдын адамы деп табылып, Time журналынын башкы бетине чыккан.

< Предыдущий

Последние новости