www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында  айыл чарба иштери каралып жатат.

Кыргызстанда жасмык жана соя эгүү үчүн айдоо жерлери кеңейтилүүдө. Бул туурасында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев   билдирди.

Анын айтымында, министрлик өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жана райондук администрациялар менен биргеликте үстүбүздөгү жыл үчүн сунушталган өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарынын структурасын тактаган.

"Аймактар боюнча негиздемени эске алып, дыйкандарга буудай, жүгөрү, пахта, тамеки, төө буурчак, жашылча-жемиштерди жана көп жылдык чөптөрдүн аянтын көбөйтүүнү сунуштадык. Ошону менен бирге быйыл кант кызылчасы менен картошканы азайтуу күтүлүүдө. Андан сырткары, биз кирешелүү жасмык (чечевица), соя сыяктуу өсүмдүктөрдү көбүрөөк эгүү жана кийин дыйкандардан сатып алуу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүп жатабыз", — деди Чодуев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости