www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө жана анын ичинде республиканын калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирликтин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилесек, аталган чечим өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынган.

Чечимге ылайык, көрсөтүлгөн тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилет жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт. 

Аталган тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан эгиндерине, кумшекерге жана башка айыл чарба продукцияларына тиешелүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому ушул жылдын 19-ноябрында күчүнө кирди (толук текст менен төмөнкү тиркемеден тааныша аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости