www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылы чыйыр салган изги саамалыктын бири январь айында сапар алып, элеттегилерге жеңилдетилген насыя бериле баштаган эле.

Финансы министрлиги 6-сентябрга карата отчетун жарыялап, «Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоору боюнча 4 миллиард 854,5 миллион сомго 9823 жеңилдетилген насыя берилгенин билдирди.

Атап айтканда, өсүмдүк өстүрүү максатында 2793 адам 1 миллиард 96,4миллион сомдук насыя алган. Мал чарбачылыгы жаатына 2 миллиард 606,3 миллион сомдук 6737, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагына 1 миллиард 151,7 миллион сомдук 293 жеңилдетилген насыя ыйгарылган. Бул мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө түзөрү шексиз. Ылайым, элибизди жакшылыктар коштой берсин, - дейт "Де-Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости