www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептеги акча чогултмай көйгөйү боюнча ата-энелердин арыз-муңу жергиликтүү депутаттарга жаккан жок. Тагыраагы бүгүн 13-сентябрда, Военно-Антоновканын 50дөй тургуну мектеп фондусуна акча чогултууга каршы нааразычылык акцияга чыгышкан.

Чогулгандар мектеп жетекчилиги тамакка, китепке жана андан сырткары дагы кошумча акча талап кылып жатканын айтып чыгышкан. Бирок, алардын талабы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттарына жакпай калды. Жыйынтыгы тараптардын кармашуусу менен аяктаган.

Көрсө, эл өкүлдөрүнө жакпай калган маселе, акцияга чыккандардын айылда каттоосу болбогондугунда экен. Айтылган логикага таянсак, мындай талапты каттоосу бар гана адам кое алат.

Мына сага тамаша, ишенген депутаттар карапайым калкты минтип тебелегенине караганда, баягы талаштуу мектеп фонду бүтпөс “дастанга” айланчудай эле болду окшойт.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости