www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 17-22 сентябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөдөгү эң чоң экинчи авиациялык фестиваль болгон “ТЕКНОФЕСТЬ СТАМБУЛ” өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматты Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма-сөз кызматы билдирди. 

Аталган фестивалга 1 миллион кишинин келээри күтүлүүдө. «ТЕКНОФЕСТ СТАМБУЛ» авиация, космонавтика жана технология фестивалы Түркиянын Өнөр-жай жана технология министрлиги жана Технологиялык топ фонду тарабынан 2019-жылдын 17-22 сентябрь күндөрү

Стамбулдун Атаүрк аэропортунда өткөрүлөт. Фестивалда Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги да 300 м2 өлчөмүндө орун алат.

Өткөн жылы алгачкы ирет өткөрүлгөн фестивалга Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган катышып анын ишине 550 миң киши келип, дүйнөдөгү экинчи чоң авиациялык фестиваль болуп эсептелген.

Бул жылы да Президент Режеп Таййип Эрдогандын ачылышка келери жана 1 миллион кишинин катышары күтүлүүдө.

«ТЕКНОФЕСТ СТАМБУЛ» авиация, космонавтика жана технология фестивалынын алкагында уюштурулган иш-чаралар, семинарларга катышуу жана Эл аралык ишкердик жарманкесине катышуу бардык каалоочуларга бекер болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости