www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай шахтерлору жер титрөөдөн улам жабылып, каралбай калган кенди экскаватор менен казып жатышкан учурда күтүлбөгөн окуя болду. Бул тууралуу жергиликтүү прессалардын жазгандарына таянсак, 17 жыл мурдагы болгон окуяда жер алдында калгандардын бири тирүү табылган.

Тагырагы 2002-жылы Кытайдын батыш тарабында, күчү 7-8 баллга жеткен жер титрөө катталып, ошол учурда кен казып жатышкан 118 кенчи жер алдында калып кеткен. Ошол боюнча шахты ачылган эмес.

Шахтерлордон турган топ каралбай калган кендин ишин жандандыруу үчүн киришпегенде, 59 жаштагы шахтер - Чунг Ваи жарыкчылыкты биротоло көрбөй калмак экен. Ал өтө начар ахвалда болгону айтылат. Учурда аны жакын жердеги ооруканалардын бириндеги даарыгерлер карап жатышат.

Ак халатчандардын белгилөөсүндө азыр Чунг Ваинин физикалык жана психикалык абалы турукташып, калыбына келе баштаган. Анын бул убакытка чейин өлбөй жашап келишине желдеткич түтүктөн кирип турган таза аба болгондугун адисттер айтышууда. Ал эми тамактануусу, кадимки келемиш чычкандар менен мох өсүмдүгү болгон.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости