www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 13-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы жана Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдагы (ХКТУ) Туруктуу өкүлү Джумалиев Муктар Кабылбекович Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости