www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агрардык өлкө болгонго жараша айыл чарбасын бир көтөрүп алсак болот эле. Бирок, эшегине жараша тушагы демекчи, Чодуевдей "чоюлган" министр тармакты өнүктүрүп, өстүрүп жиберери күмөндүү болуп калды көрүнөт. Өкмөт кезегинде "тажрыйбалуу, чөйрөнү ичинен билет" деп чоң жоопкерчилик көрсөткөнү бүгүн Чодуевдин көз жаздымында калды окшойт.
Антпесе, министр мырзанын кызуу иштен кыз-келин аралаш интригага убактысы деле болбойт эле. Министрлик кызматка келгенине жыл аяктаса 7 ай толот. Акыркы 6 айда бул орунда отуруп айыл чарбасын өнүктүрүүгө кандай айла тапты экен?
Дыйкандардын өстүргөн картошкасынын, өндүргөн продукциясынын тагдырын кандай чечти? Келерки жылга эмне максат коюп, баба-дыйкан, фермерлерибизге эмне деген багыт берди? Же кызматка келгендерди "отметка" кылып эле, отуруп бердиби? Айыл чарбасында канча жылдардан бери аралашып жүрсө дагы, тармакты өнүктүрүү жөнүндө түшүнүгү жок деп сынга алынып жатканын кулагы чалып калса, намыстана бир тиштене иштеп, өзүнүн ким экенин көрсөтүп койсо болмок. Болбосо, азыркы бийлик коомчулуктун, элдин ишенимин актоо үчүн катарын мындай чала жан жетекчилерден тазалаганы дурус болор эле.
Булак: Багыт.kg