www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп жаңы дайындалган Рита Карасартова аны «эл бузар» деп атаган депутат Евгения Строковага жооп кайтарды.

Карасартова ага ишенип берилген тармакты оңдой ала турганын кызматы менен көрсөтөрүн айтты:

"Аябай капа болгонум - биздин парламентте баа бергенди, сын айтканды билбеген адамдар отурат. Ал депутат мен мамлекетти бүлдүрүп жатканымды эмне менен өлчөгөнүн көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Эмнени талкалаганымды атаса. Депутатка каалаарым - жакшы маанай. Өзүн кыргыз деп сезсе кыргызча сүйлөп, ой жүгүртүп, кыргыздын кызыкчылыгын коргой берсин. А мен билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтүүгө даярмын. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе даярмын, -дейт Карасартова. 

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова сүйлөп жатып Карасартованы «эл бузар» деп атап, аны жетекчи кылып дайындаган өкмөт башчыны сынга алды:

"Кайсы жакта туруксуздук болсо, Карасартова ошол жерде. Алмаз Шаршеновичтин тушунда ал дайыма ага каршы болуп жүрдү, качан гана ал жактан туруксуздук боло баштады, ал дароо ошол лагерге өтө калды. Аны билим берүүнү солгундатсын деп дайындаштыбы?",- дейт Строкова

Депутат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Рита Карасартованын улутуна да токтолуп, "аларга караганда мен өзүмдү кыргыз деп көбүрөөк сезем",-деп билдирди.

Строкова өкмөттүк эмес уюмдардын кээ бирлерин таптакыр жаап салыш керек экенин да айтып өттү.

Карасартова жалпы коомчулукка сот, укук тартибин коргоо тармагындагы кемчиликтерди дайыма ачык айтып келе жаткан жарандык активист катары таанылган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости