www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Улуттук банк ставканы 8 пайызга көтөрүү боюнча чечим кабыл алганын билдирди. Эсептик ставкасынын көтөрүлүшү банктардын элге берген насыяларынын пайызынын жогорулашына алып келеби?
- Негизи, учет-пучету жок эле, ансыз деле банктардын берген кредиттеринин пайызы өтө жогору. Бизде эл аралык стандарттарга ылайык келе турган пайыздар жок. Мунун баарын 20 жыл илгери эле айтканбыз, бул кредиттер экономиканы өнүктүрүүгө, элдин алакыбалын оңдоого эч убакта болбой турган ставкалар менен берилип жатканына коңгуроо какканбыз.
Себеби, бизде инфляция жыл сайын, ачык айтканда, 7-8 пайыз, расмий эмес маалыматтарда көмүскө экономиканы кошкондо 15 пайызга чейин жетет. Ошол 15 пайызга банктын ала турган үстөгүн кошкондо, эч убакта бизде кредиттин пайызы 25тен ылдый түшкөн эмес.
Ошондуктан, бизде банк системасы чоң ломбарддын гана ролун ойноп келатат, коммерциялык банктар экономикалык өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бере алган эмес. Себеби, бизде реалдуу экономика, сомдун курсун кармай турган, жылдап чыгарылып жаткан продукция жок. Биз сомдун курсунун, төлөө балансынын, бюджеттин дефицитин жыл сайын чет өлкөлөрдөн, эл аралык финансы фондуларынан алынган кредит менен жабабыз.
Андыктан, коммерциялык банктардын ставкасы эл үчүн же экономика үчүн иштебейт жана иштеши да мүмкүн эмес. Мен канча айтам, бизде реалдуу сектор жок болгондон кийин реалдуу экономика жок. “Виртуалдуу экономика” дейт, аны Кумтөрдүн жалпы чыгарган алтын көлөмүнө байланыштырып мактанышчу, көрсө, алтындын 90 пайызы чет өлкөгө кетип, 10 пайызы гана бизде калчу экен.
Мунун баары фиктивдүү экономика болуп калып жатат. Башкаруучуларда, министр кеңешчилеринде эмес, нормалдуу экономисттерде “формалдуу, формалдуу эмес, көмүскө экономика” деген түшүнүктөр бар. Анан нормалдуу реалдуу сектор, ИДПнын структурасы деп коёт – ИДПнын түзүлүшүн, анын ичинде канча продукция чыгарабыз, элибиздин иштеп тапкан канча улуттук кирешеси бар – анын баары эсепке алынбаган. Ушул азыр да алынбай жатат
. Ошондуктан, Улуттук банк эсептик ставкасын 8 пайыз кылабы, 18 пайыз кылабы, же 0,8 пайыз кылабы – баары бир коммерциялык банктардын пайыздык чени жогору бойдон тура берет. Бирок учеттук ставканы жогорулата берсе, аны менен катар коммерциялык банктардын да кредиттик пайызы жогорулайт. Себеби, коммерциялык банктар Улуттук банктан акча карызга алып турушат.
Мунун баары байланышкан. Акча-кредит саясатын жакшы түшүнгөн адистерди жумуштан бошотушту, финансы жаатын жакшы билген балдарды кубалашты. Эми базарда соода кылган сыяктуулар деңгээлинде эле акча маселесин билгендер жооптуу кызматтарга келишти. Финансы жана кредит системасынын саясаты нормалдуу болбогондон кийин бюджеттин дефицити да болот, инфляция жаралат, кымбатчылык да күчөйт.
- Улуттук банктын инвентаризация кылганы туурабы?
- Бул туура эле. Эгерде Улуттук банк 30 жылдан бери инвентаризация жасабаса (30 жылдан бери 100дөй инвентаризация жасады), анда азыр бир доллар 800 сом болмок. Же эчак эле миң сомго жетмек. Эбак эле экономикалык кыйроо жаралып, акча саясаты өлмөк. Ошондуктан, Дүйнөлүк банктын консультанттарынын кеңеши менен банктын мурдагы акыл-эстүү, билимдүү адистери ушуну жасап келишкен. Бул нормалдуу көрүнүш.
Каалайсыңарбы 800 сомго бир доллар сатып алганды? Азыр бир доллар 85 сомдун тегерегинде болуп атабы? Эгер инвентаризация болбогондо, 850 сом болмок. Ага жараша инфляция өсмөк. Азыр мына, суумайдын бир литрин 180 сомго алып атабыз, бир жыл мурда эле эң жакшысын ашып кетсе 90 сомго алчубуз. Баа эки эсе өсүптүр. Инфляция жүз пайызга өссө, аны он пайыз деп берип жатышат. Ким калпычы? Ундун баасы 70-80 сомго чыгып кетти, мурда 20-30 сом болчу. Бул 200-300 пайызга чамалады.
А статистикалык маалыматта он пайыз деп көрсөтүлгөн. Бул жерде чоң маселе жатат. Ойду-тоону айтып, “жыргатам, бюджетти 400 миллиард, 600 миллиард кылам” деген киши, ошондой болгондо баа 6 эсе өсөрүн билет бекен?.. Айлыкты 6 эсе чоңойто албайсың, ашып кетсе 1,5 эсе көбөйөт. Мына ушуну экономикалык кризис деп атайт. Дагы көрөрүбүз алдыда....
Булак: Азия News гезити