www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тамеки дененин дээрлик бардык органдарына зыян келтирээрин эскертет. Тамекиге байланып калган адамдардын өмүрү орто эсеп менен 10 жылга кыскарат. Мындан башка да зыяндуу таасирлери тууралуу тизмектелген. Алар төмөнкүлөр:

Тамеки тартууда организмге дем менен бирге уулуу заттар жана канцерогендер кирет. Анда рак илдетине себеп болгон кеминде 70 химиялык зат болот;

Кант диабетине чалдыгуу тобокелдиги жогорулайт;

Акыл-эс жөндөмү төмөндөп, мээнин иштешинин начарлашына мүнөздүү болгон деменция илдети пайда болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт;

Альцгеймер илдети деменциянын эң кеңири тараган түрү. Дүйнө жүзүндө Альцгеймер оорусуна чалдыккандардын болжол менен 14 пайызы тамеки чегүүгө байланышкан болушу мүмкүн;

Көпчүлүк аялдардын айызы оорутуу менен коштолот жана менопаузанын белгилери көбүрөөк таасирдүү болот;

Аялдар менопаузага 1-4 жыл эрте кабылышат, анткени тамеки чегүү энелик бездеги жумурткалардын пайда болушуна терс таасир тийгизет. Бул репродуктивдик функциянын жоголушуна жана эстрогендин деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет;

Тамекинин түтүнү организмдин ткандарын кычкылтек менен камсыздоону начарлатат;

Тамеки кан агымын чектейт, муну дарылабаса гангрена (дене ткандарынын өлүшү) пайда болуп, жабыркаган жерлерди кесип салуу зарылдыгы жаралат;

Тиштин бүйлөлөрүн жабыркаткан өнөкөт сезгенүү илдетине чалдыгуу тобокелдиги жогорулайт жана сөөк ткандары бузулуп, тиш түшөт;

Ичеги-карын оорулары, ашказан жарасы, ичегинин сезгенүүсү сыяктуу ичтин түйүлүшү, басылбаган диарея, ысытма жана жоон ичегиден кан агуу менен коштолгон илдеттер, ошондой эле, ичеги-карын рагы пайда болуу ыктымалдыгы жогору болот;

Иммундук тутумду начарлатат, тамеки тарткан адамдардын өпкө инфекциясын жуктуруп алуу тобокелдиги жогору;

Тамеки чеккен адамдардын операциядан кийинки абалы оорлошуп кетүү тобокелдиги чекпегендерге караганда кыйла жогору болот;

Өпкөнү жасалма желдетүүдөн (ИВЛ) ажыратуу процесси татаалыраак болот. Бул көп учурларда реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө (ИТБ) жана жалпы эле ооруканада узагыраак убакыт жатуу зарылдыгына шарт түзөт. Тамеки башка инфекцияларды жуктуруп алуу тобокелдигине дуушар кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости