www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук кардиология жана терапия борборунун экс-директору менен маек.
- Учурда саламаттык сактоо тармагында башаламандык орун алып жаткандай. Себеби, кээ бир ооруканалар жоюлуп, айрымдары бири-бирине кошулганы айтылууда.
- Саламаттык сактоо министри президенттин ишениминен пайдаланып, бүт өзү ойлогондой башаламан кылууда. Системаны талкалап жатат. Буга далил катары азыркы болуп жаткан көрүнүштөрдү атасак жарашат. Биз туберкулезду жеңе элекпиз, бирок ал жак жабылууда.
Дээрлик баардык ооруканаларда ички аудит жүргүзүп, башкы дарыгерлерин ар кандай шылтоо менен кызматтан алууда. Биринчиден, азыр кургак учукка каршы күрөшкөн диспансердин кызматын талкалап жатат. Эсиңиздерде болсо, буга чейин «наркологиялык жана психиатриялык дарылоо бөлүмдөрүн бириктирем» дегенде митингдер болуп, токтоп калган.
Эми кайра ошону ишке ашырганга аракет жүрүүдө. Чынында булар эки башка нерсе. Мен, мисалы, алкоголизм азайганына ишенбейм. Алымкадыр Бейшеналиев келип, алкоголизм менен күрөшүп, бир жылдын ичинде аны «жеңип» салганына ишенүү дээрлик мүмкүн эмес. Тескерисинче, мендеги маалыматтар боюнча алар көбөйүп баратат. Айрыкча жаштар арасында. «Ооругандар азайды, ошон үчүн ооруканаларды кошуш керек» дегени таптакыр туура эмес. Экинчиден, келери менен диагностикалык борборду жок кылды. Мындай кадамга барардан мурун анализ жасалышы керек болчу.
Мисалы, ал жерде балдар стационарынын ачылганы туура эмес. Санэпидемиялык талаптарга жооп бербейт. Бир кабатта болгону бир эле даараткана бар. Ар бир бөлмөдө кол жууй турган жай жок. Коридору ичке, эгер биздин санэпидемстанция объективдүү караса, алар уруксат бермек эмес. Азыр баардыгы ага баш ийип тургандыктан, каалаганын жасап келатат.
- Сиз иштеген кардиология борборунда абал кандай?
- Биздин борборду айта турган болсом, мыйзамга каршы барып, республикалык пульмонология жана эрте реабилитациялоо борборун ачып, “26-декабрга чейин баардык нерсени өткөрүп бергиле» деген талап койду. Эми кардиология борбору ал үчүнимарат бөлүп бериши керек. Бул туура эмес, мыйзамга каршы, анткени токтому боюнча дээрлик реорганизацияны министрлер кабинети гана жасай алат. Ошондо дагы алар биринчиден, анда иштегендерди, жетекчиликти, администрацияны кабардар кылыш керек. Алымкадыр Бейшеналиев премьерди, министрлер кабинетин деле укпайт көрүнөт, айтор, будуң-чаңын чыгарууда. Өзүнүн буйругу менен эле Кыргызстандын баардык мыйзамдарын бузуп жатат.
- А сиз кандай жагдайда кызматтан кеттиңиз?
- Ага менин ордум керек эле. Эмнеге керек болгонун өзүнөн сураш керек. Азыр «кардиология борборунда кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгон» деп айтып жатат, бирок ал жумуштагы кемчиликтер. Ички аудит бул көйгөйлөрдү жоюуга жардам бериши керек. Алар «мына бул жериңер туура эмес кетип жатат, кайра кайталанбашы керек» деген тапшырманы койсо болмок.
- Ортоңуздарда министр менен пикир келишпестиктер орун алган эмес беле?
- Мен эки учурду документтин негизинде айта алам. Биринчиден, бизге акониттен уулангандар түшө баштаганда, бир бейтаптын жүрөгү токтоп калганда куткарып калганбыз. Ошондо саламаттык сактоо министрлигине расмий кат жазгам, «аконитти жарнамалоону токтотуш керек, бул далилденген эмес, аны айтып чыкпаш керек» дегем. Экинчиден, медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип жаткан маалда биздин кесиптештер арасындагы татыктуу делген 6-7 дарыгерди сыйлыкка көрсөтүүгө жибергенбиз, алардын арасында мен дагы болгом.
Бирок, бирөөбүз дагы өткөн эмеспиз. Кийин Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата улуттук кардиология жана терапия борборунун жамааты өкмөткө кайрылуу жолдогонбуз. Анда пандемия учурундагы кыйын кырдаалда, оор күндөрү “кызыл зонада” иштегендер катары мени Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери жана кесиптешибизди Ардак грамотага көрсөтүү сунушталган. Биз эки жыл “кызыл зонада” иштедик.
Сыйлык Сүйүнбек Касмамбетовго окшогон кадыр-барктуу кызматкерлерден турган атайын мамлекеттик комиссиянын чечими менен мыйзамдын негизинде ыйгарылган. Ага президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми ошол сыйлыкты саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшенелиев мени “сатып алган” деп бүтүндөй республикага жар салды.
Бир эмес бир нече ирет кайталап айтты. Эгер мен ал наамды сатып алган болсом, буйрукка кол койгон президент, мамлекеттик комиссиянын курамына киргендердин баардыгы сатылган болобу? Ойлонуп сүйлөш керек да. Мындай жүрүм-туруму менен ал өзүн эле эмес, президенттен тартып бүтүндөй мамлекеттик системага көлөкө түшүрүп жатат. Чынында биздин борбор өлкөдөгү алдыңкы медициналык мекеме, бул жалпыга маалым.
Маселен, борборго жөнөкөй жарандардан тышкары, президенттик аппарат кызматкерлеринен тартып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ), Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН), баардык элчиликтердеги элчилер дарылануудан өтүшчү. Өзүңүздөр билгендей, эл аралык уюмдар жөн эле ар кайсы ооруканага көрүнө бербейт, алар мекемени кылдат текшеришет. Биз ушундай абройлуу уюмдардын, эң жогорку кызмат адамдарынын тандоосунан, текшерүүлөрүнөн өтүп келгенбиз.
Булак: Азия News гезити