www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Гамалея атындагы борбору "Спутник V" вакцинасынын коронавирустун жаңы "омикрон" штаммынан коргой турганын аныктоо үчүн болжолдуу изилдөөлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

"Спутник V" жаңы "омикрон" штаммынын курчушуна тоскоол боло алчу касиетин көрсөттү. Вакцина вирус жуктургандардын абалын оорлоштурбай сактайт деп күтүлүп жатат", — деп билдирген Россиянын түз инвестициялар фонду.

Мындан сырткары, Гамалея борборунун директору Александр Гинцбургдун айтымында, "Спутник V" вакцинасын сайдыруу жана алты айдан кийин ревакцинациядан өтүү "омикрон" штаммынан толугу менен коргойт.

2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады.

Учурда аталган штаммдын ондогон мамлекетке жайылып кеткени белгилүү болду. Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости