www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Владимир Фролов Мавродинин жаңы түрү болмок», - деди бүгүн, 6-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев

- Айылчы агай, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүү киргизилсе, каржы көзөмөл мекемеси көз карандысыздыгын жоготуп, ал валюталык кризис жаратабы?

- Улуттук банк Дүйнөлүк банк менен тыгыз иштешет. Мыйзамдагы өзгөртүүлөр ошолордун макулдугу менен болот.

Эгерде азыр эл аралык финансы уюмдары менен мамилебизди бузуп алсак, бизге Талибан да жардам бере албайт. Аны кылабыз, муну кылабыз дегендер жөн эле көпкөндөр. Улуттук банктын жетекчилигине кызыккан мафиялык бир топ бар.

Аларга Кыргызстандын кереги жок. Ошондуктан бул маселени президент өзү Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен чогуу чечкени оң. Болбосо, артык кылабыз деп, тыртык кылып алыш оңой. Азыркы сунушталып жаткан жигит мурун иштеген деген шылтоону айтып жатышат.

- Самат Ибраев демилгелеген мыйзам долбоорунан кийин Владимир Фролов пайда болду. Ал Кыргызстандагы каржы тармагын бузууга аракет кылдыбы?

- Ал бул маселеге Кыргызстандын банк системасы аркылуу эбегейсиз байып кетүүнү көздөп аралашкандай. Владимир Фролов Мавродинин жаңы түрү болмок. Анын айткандары колдоо таппай, мыйзам артка кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости