www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Алтай Республикасынын жетекчилиги менен жолугушуп, Горно-Алтайск шаарында биргелешип "Алтай цивилизациясы" борборун курууну сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Республиканын өкмөт башчысы Олег Хорохордин жана Эл-Курултай мамлекеттик жыйынынын башчысы Артур Кохоев менен жолугушуу учурунда маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана туристтик багытта иштешүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Алтай цивилизациясынын мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында Мамытов Горно-Алтайск шаарына биргелешип "Алтай цивилизациясы" борборун курууну сунуштады. Ошондой эле, спикер ал шаарда Манастын эстелигин орнотуу үчүн орун бөлүп берүүнү суранды.

Хорохордин бул сунуш сөзсүз түрдө эске алынаарын айтып, Алтай эли бир тууган кыргыз эли менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, ал Кыргызстан менен Алтай ортосунда аба каттамдарын ачуу маселесин да көтөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости