www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул иштер боюнча аты азырынча атала элек Кыргызстандан да бир белгисиз адам бар. Балким ал Шадиевби, же Бабановбу, Шакиби, Куловбу, Сулаймановбу, Ирсалиевби, азырынча белгисиз. Тек, азырынча аты атала элек. «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жазгандай, бул келишимге Назарбаевдин токолунун жана Назарбаев аркылуу миллиардерлер сабын толуктаган Владимир Ким менен Владимир Ни да бар.

Ал эми Назарбаевке келсек, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) Казакстан президентинин бейрасмий жубайы Асел Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканын жазып чыкты.

Назарбаевдин токолу Асел Курманбаева жана «улут лидери» жеке мамилелерин эч качан четке кагып же тастыктаган да эмес. Анын Назарбаевдин «токолу» экени жөнүндө маалымат «Мисс Казакстан» сулуулар сынагын жеңип алгандан кийин тарай баштаган. Курманбаеванын эки баласы Нурсултан уулу деген фамилияга ээ. Иликтөөнүн авторлору Казакстанда фамилиянын ордуна атасынын атын жазуу кадыресе көрүнүш экенин белгилүү.

OCCRP билдиргендей, Курманбаева — Казакстандагы мамлекеттик эки бий институтунун көркөм жетекчиси жана балет менен улуттук бий тармагындагы бир нече фирма менен фонддордун ээси.

Иликтөөчү журналисттердин тапкан маалыматына ылайык, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкерелеген.

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирма менен байланышкан 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалыматтар бар. Эске салсак, 2016-жылы «Панама кагаздары» долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости