www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Тажикстандын Коргоо министрлигине чек араны бекемдөөгө көмөктөшүү максатында 20 жол тандабас берди. АКШнын Дүйшөмбү шаарындагы элчилиги билдиргендей, жалпы баасы 1,3 млн доллар болгон жол тандабастар Коргоо министрлигинин атайын багыттагы аскерлерине чек арадагы жетүүгө кыйын аймактарда иш алып барууга жардам берет.

Жол тандабастарды салтанаттуу тапшыруу аземи кечээ, 5-октябрда, өттү. Ага АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм жана Тажикстандын коргоо министринин техника жана камсыздандыруу боюнча орун басары, генерал-майор Хусрав Бобозода катышты.

«Мындай кайтарымсыз жардам Тажикстанга чек арасын коргоо үчүн көрсөтүлгөн колдоонун бир мисалы. Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу боюнча тыгыз кызматташып жатканына ыраазыбыз жана бирге камсыз кылынган жетишкендиктер менен сыймыктанабыз. Биз терроризм, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү жана өзөктүк куралды таркатууга каршы күрөшүүдө өнөктөш бойдон калабыз. Биз бирге иш алып барганда күчтүүбүз», - деди АКШ элчиси.

1992-жылдан бери АКШ Тажикстанга 330 млн долларлык аскердик жардам көрсөткөн. Анын алкагында Тажикстандын күч структураларына жалпы баасы 10,5 млн долларга бааланган 358 унаа каражаты берилген, деп айтылат АКШ элчилигинин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости