www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы урдоо боюнча экинчи соттук отурум өтүп жатат. Бул тууралуу соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Соттук отурум эпидемиологикалык абалга байланыштуу онлайн өтүүдө. Отурумдун жүрүшүндө судья айыптоо актысын окуду, анда бардык айыпталуучуларга “адам уурдоо” беренеси сунушталды. Учурда айыпталуучулар көрсөтмөлөрүн беришүүдө.

Жазык кодексинин “Адам уурдоо”, “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен беш адам шек саналып жатат. Алардын төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар жана бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу. Кызды кыйнап өлтүргөн Замирбек Теңизбаев өз жанын да кыйганынан улам 27 жаштагы Айзаданын өлтүрүлүшү бонча кылмыш иши кыскарган.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болуп каза болгон. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, эл Ички иштер министринин отставкасын талап кылганга чейин барган. Соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости