www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча сотто шектүү катары каралып жаткан беш кишинин үчөө буга чейин соттолуп чыккан. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин отурумга катышып жаткан кабарчысы билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Айзаданын өлүмү боюнча соттук отурум өтүп жатат.

"Ала качууга катыштыгы бар деп шектелип жаткан Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажикабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов сотко онлайн форматында катышууда. Алардын үчөө мурда соттолуп чыккан жарандар экени айтылды", — деди кабарчы.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.

Кызды ала качууга катыштыгы бар делип беш шектүү кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып, маалыматты милиция дагы тастыктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости