www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митинг Ош шаарында да болду

Ала качылып, андан кийин киши колдуу болуп каза тапкан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг Бишкек жана Ош шаарларында болду.

Бишкек шаарындагы митингге миңдей киши катышып, анда ички иштер министрлигинин отставкага кетүүсү талап кылынды. Ал эми Ош шаарында 20дан ашуун адам топтолгонун Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Нааразчылыкка чыккандар "Аялдарга карата зомбулук токтотулсун", "Ошто кыздар эркин жүрө алышабы?", "Кепилдик барбы?", "Сиздер эмне кылганга даярсыздар?" дешти.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү укук коргоочулар үйлөрүнө уктоо үчүн барышарын айтып, кылмыш өнүккөн өлкөлөрдө деле болуп келерин белгиледи.

"Ала качуу - салт эмес, кылмыш. Мен ата катары үйлөнө элек балдарга кайрылам. Ала качуу мурунтан эле кылмыш болгон, кылмыш боло берет. Адамды никеге турууга мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Силер кыздарды ала качкан күндө деле ал кыз өзүнүн сүйүктүүсүн эстейт, бактылуу боло албайт. Ал эми кыздарга ала качып бара жаткан адамды чочутпоого чакырат элем. Анткени ала качкан адам андай учурда өзүнүн агрессивдүүлүгүн көрсөтүшү мүмкүн", - деди мекеменин өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости