www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көйгөйдү жашырып, андан качкан сайын, ал артыңдан кубалап, чоңоюп келе берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Медербек Ысманалиев билдирди.

«Өтө намыстуу, уяттуу элбиз, бирок бул касиеттерибизди туура эмес багытта пайдаланып келебиз, тилекке каршы. Курнамыстыкка алдырып коюп жатабыз...

Менимче, сыртта жүргөн өзүбүздүн элибизге туура багыт берүүдө, тарбиялоодо көбүнчө элдик дипломатияны, аксакалдарды аралаштырып, туура эмес кадам жасагандар жөнүндө маалыматты тээ Кыргызстандагы айыл өкмөтүнүн башчысына, мектебине жана ата-энесине кабар берип, эскертүү берүү жолу менен иш алып барыш керек. Ага да болбосо, ошол айылдаштары өздөрү эле ал «акмакты» депортация кылганга кызыкдар болуш керек. Акмакчылыгын Кыргызстанда кыла берсин, Кыргызды четте уят кылбасын, ынтымакка бүлүк салбасын.

Биз өтө уяттуу, намыстуу элбиз, бирок ошол намысыбызга (безибизге) сайып көрсөткөн адамдар, тилекке каршы, өтө аз болуп атат. Баарыбыз эле «непопулярный» нерселерди чыгарбай, жалаң эле «жакшы» жактарыбызды, шаан-шөкөөттөрүбүздү чагылдырып, элдин көзүнчө «сулуу чымчык» болуп, колубуздун учу менен «коомдук же саясий упай» алганга маш болуп калдык.

Көйгөйдү чечүү үчүн андан качпаш керек, жеңди түрүп киришиш керек, болгондо да коомчулукка чыгарбай, «дым-дым» кылып басып, жаап-жашырбаш керек. Аны сыртка, ачыкка чыгарып, талдап, чечүү жолдорун изденүү абзел.

Көйгөйдү жашырып, андан качкан сайын, ал артыңдан кубалап, чоңоюп келе берет.

Ал эми эң жакшысы, мекендештер - көбүнесе пайда болуп калган көйгөйдү чечүүгө эмес, аны алдын алууга көбүрөөк көңүл бөлөлү.

«Умный учится на ошибках других» дегендей, өзүбүздүн катабызды жашырбай, башкаларга үлгү катарында да айта жүрөлү», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости