www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элмирбек Иманалиев жана Гүлбүбү Ороскул кызынын тун кызы Айзуура Иманалиева "үч жыл аралыгында апамды да, атамды да жоготуп стресске, депрессияга кабылдым, ден соолугум да жабыркай баштаганын сезип калдым. Жолдошум Мирзат «иштеп, алаксып көр"-деген сунушу менен ишке чыктым дейт ал.
"Үч жыл аралығында балдар менен үйдө отурдум. Дал ошол аралыкта апамды да, атамды да жоготтук. Анан стресске, депрессияга кабылдым, ден соолугум да жабыркай баштаганын сезип калдым. Жолдошум Мирзат «иштеп, алаксып көр» деген сунушун айтты. Ал ортодо НТС телеканалынан таңкы берүүнү алып барууга чакыруу келди. Мурда ошол эфирди алып барчумун. Жумуш убактысы ыңгайлуу болгондуктан, ишке чыктым. Балдарды түшкө чейин атасы карап жатат. Эфирден чыгып, шашып үйгө келем, мен келерим менен атабыз жумушка кетет. Балдарымдын атасына рахмат, ушундай колдоо көрсөтүп жатканына!" Эртеден бери «оор кырдаалдан суурулуп чыгып, эфир алып барып жатыпсың, азаматсың!» деген өңдүү куттуктоолор келип жатат. Алдыда «атасынын жылдыгы өтпөй жатып, эфирге чыгып алыптыр» деген сөздөр болушу мүмкүн. Бирок мени чындап түшүнгөн, колдогон адамдар бул кадамымды туура кабыл алышат деп ойлойм. Өзүмдү алаксытуу максатында ишке чыктым» деди ал.
Булак: NazarNews.kg