www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

Ал 9-августта 1/8 финалдык баскычтан баштап, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган Ирандын спортчусунан утулуп калган. Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Бүгүн, 10-августта ал канадалык Амарвир Дхеси менен беттешип, аны тушеге басып, жеңип алды.

Эми Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт, анын атаандашы 2016-жылдагы Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн эки жолку жана Европанын он жолку чемпиону түркиялык Таха Акгүл болмокчу.

Последние новости