www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чабуул эртең мененки намаз учурунда жасалган.

 Израилдин Коргоо күчтөрү өзүнүн Telegram каналына Газа шаарындагы мектепке абадан сокку урганын, анда Палестинанын ХАМАС кыймылынын согушкерлери жайгашканын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Израилдин аба күчтөрү Дараж Туффах аймагындагы Аль-Табаин мектебинде жайгашкан ХАМАС командалык көзөмөл борборундагы террорчуларга сокку урду", — деп айтылат Израиль армиясынын маалыматында.

Израилдын армиясы билдиргендей, мектепте палестиналык кыймылдын командалык борбору жайгашкан. Билим берүү жайы согушкерлер жана командирлер үчүн баш калкалоочу жер катары кызмат кылганы айтылат. ЦАХАЛ мектеп Израиль армиясына кол салууну пландоо жана ишке ашыруу үчүн колдонулганын белгилеген.

Ал арада Кытайдын "Синьхуа" агенттиги Палестинанын жарандык коргонуусуна таянып, Израилдин бул соккусунан 40тай адам көз жумганын билдирген.

Ирандын Press TV каналы 100дөй адам өлтүрүлүп, ондогон адам жабыркаган кабарлады. Ага ылайык, сокку эртең менен намаз учурунда жасалган.

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы ансыз да кыйын абал 2023-жылдын 7-октябрынан тарта кескин курчуп кеткен. Газа секторунан ракеталык чабуул жасалып, адамдар өлүп, кыймыл 200дөй кишини барымтага алган.

Израиль катаал жооп кайтарып, натыйжада анклав дээрлик блокадада калды.

Кырдаал коңшу мамлекеттерге да таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгышта абал азыр тынч эмес.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости