www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө кайрадан COVID-19 оорусунун көбөйүшү катталды. 18-июлдан 24-июлга чейинки бир жумада инфекциянын 7,2 миллионго жакын жаңы учуру аныкталды. Ошол эле учурда бул дарттан каза болгондордун саны азайып баратканын адистер айтышууда.

Россияда да инфекциянын саны өсүүдө. Роспотребнадзор муну “оmicron” штаммынын жаңы генетикалык варианттарынын пайда болушу менен байланыштырууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиевге кайрылдык.

- Ковид кайрадан күч алып, дартка кабылгандардын саны өсүүдө. Жаңы толкун башталдыбы? Канча убакка чейин созулат?

- Толкун жанданды. Жай айынын алгачкы күндөрүнөн эле акырындап башталган. Менин билишимче, Кыргызстанда жыл сайын июль, август айларында ушундай толкун болот окшойт. Азыр көп адамдар ооруп жатат. Бирок мурункуга салыштырмалуу дарт жеңил өтүүдө. Кадимки сасык тумоого окшошуп эле өтүп кетет.

Бирок жеңил болгону менен кан диабети, жүрөк оорулары менен ооругандарга кыйыныраак болушу мүмкүн. Ковид башка ооруларды курчутуусу менен коркунучтуу экен. Ковидден кийин менин байкашымча, инфаркт, инсульттан улам өлүмгө учурагандар көбөйдү. Жакын тааныш адамдарымдын көбү башка оорулар менен оорубай туруп эле бир заматта инсульт, инфаркт болуп каза болуп калышууда. Мындай абалга кабылгандар көп.

Менин оюмча, бул оорунун өтүшү коркунучтуу эмес. Адам ооруп, бир жумада сакайып кетет. Формалары жеңилдеди. Бирок бул вирус кандын функцияларын бузат экен. Көп адамдардын тромбоциттери көбөйүп, түшпөй жатат. Органдын ар кайсы бөлүгүндө тромбдор пайда болуп, оорчулук болгондо ал үзүлүп кетип, ошондон улам инфаркт, инсульт болот окшойт.

Бул боюнча изилдөө зарыл. Баары бир эл сак болуп, сасык тумоодой кабыл албай, дартты убагында дарылоо зарыл. Илдет башталганда эле канды суюлткан дарыларды ичип сактануу шарт. Ковид август айынын орто ченинде азаят. Биз буга көнүшүбүз керек. Мен өзүм деле жанымдагы кесиптештерим ооруган сыяктуу абалдамын. Азыркы тесттер “омикронду” даана көрсөтүп бере албай жатат.

- Анда статистикадагыдай сан эмес, көпчүлүк эл ооруп жаткан экен да...

- Жайдын чилдесинде “сасык тумоого чалдыктым” деген адамдардын баары ковид. Жайында, кырк градус ысык өкүм сүрүп турганда суук тийип, сасык тумоо болуп ооругандар чанда эле болчу. Азыр кимден сураба, “оорудум” дейт. Бул ковиддин жеңил түрү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости