www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь администрациясынын кызматкерлери, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайдын таштандыларын чыгарышты.

Үйдүн ээси бир нече жылдан короосуна таштанды чогултуп келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт тууралуу көп убакыттан бери администрацияга арызданып келишкен.

Аталган үйдүн короосу тиричилик таштандыларына толгону аныкталган. Жалпысынан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылып, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жана бир жүк ташуучу унаа тартылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости